24.kg
09:58, 04 апреля 2018, 24.kg

Жогорку Кеңеште «Жашыруун ачкачылык» фото көргөзмөсү өтүп жатат

Жогорку Кеңеште «Жашыруун ачкачылык» фото көргөзмөсү өтүп жатат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, ага «Аз кандуулуктан эркин Кыргызстан» аталышындагы фото сыныктын катышуучуларынын эмгектери коюлду.

Сүрөттөр эки ай бою кезек-кезеги менен Парламентте, мамлекеттик органдарда илинет. Бул демилге аз кандуулук, туура эмес тамактануу жана анын кесепеттерине байланышкан көйгөйлөргө аткаминерлердин көңүлүн бурдуруу максатын көздөйт. Мындан сырткары, тегерек стол талкуусу өтүп, анда түрдүү тармактардын адистери жашыруун ачкалыкты жок кылуу үчүн кандай иштер жасалып жатканын талкуулашат.

Ошондой эле, Кыргызстанда аз кандуулук коркунучуна өзгөчө аялдар жана балдар көбүрөөк кабылган. Бала төрөчү курактагы аялдардын 35%ы жана беш жашка толо элек балдардын 43%ы аз кандуулуктан жапа чегүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18