24.kg
08:48, 04 апреля 2018, 24.kg

«Республика-Ата-Журт» фракциясы Бабановдун ордун баскан лидерин алмаштырды

«Республика-Ата-Журт» фракциясы кечээ кечинде шашылыш жыйынга топтолуп, лидери Руслан Казакбаевды кетирди. Анын ордунда көпчүлүк добуш менен Жыргалбек Турускулов шайланды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине фракция депутаты Талант Мамытов билдирди.

Анын айтымында, лидерликке Жыргалбек Турускуловдон тышкары Курманбек Зулушев дагы көрсөтүлгөн. Бирок, депутат Зулушев талапкерлигин алып, 28 добуш менен Турускулов дайындалды.

Фракциялаштары Руслан Казакбаевдин ээрден түшүрү себебин ачыкташпайт. Ал Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткенден кийин «Республика-Ата Журт» фракциясын жетектеген.

Руслан Казакбаев бул боюнча азыр комментарий бере элек. 

Photo 65733

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18