24.kg
08:34, 04 апреля 2018, 24.kg

Баткендеги жаңжалда кыргыз жараны менен тажик чек арачысы жаракат алды

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстандын бир жараны жана Тажикстандын бир чек арачысы жаракат алды. Тараптар 3-апрелде болгон аймактагы чатак басылып, абал турукташканын кабарлашты.

Эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын маалыматына караганда, учурда жаракат алган адамдардын абалдары канааттандыраарлык.

Кыргызстан Чек ара кызматы тараткан билдирүүдө, чатактын тутанышына Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы чек ара тилкесине тургузулган дубал себеп болгону айтылат. Тыюу салынганына карабай мамлекеттик чек аранын такталбаган участкасына үчдөбөлүк тургун тосмо курууга аракет кылган. Анын тыюуну эске албай жасаган аракети Тажикстандын Исфара районуна караштуу Хожа-Аъло айылынын тургундарынын нааразылыгын жараткан.

Натыйжада эки тараптан элүүдөй киши чогулуп, кыйкырышып аягы таш ыргытууга чейин жеткен.

Чатак окуя болгондон жарым сааттан кийин жөнгө салынган. Учурда Кыргызстандын Баткен районунун жана Тажикстандын Исфара райондорунун акимдери жергиликтүү тургундар менен жолугуп жатат.

«Фейсбуктун» колдонуучусу Каныбек Алиев аз убакыт мурдараак социалдык тармактарга «окуя болгон Үч-Дөбө айылында тартылды» делген видеону жайгаштырган. Анда бир топ адамдар кыйкырык-сүрөөн менен таш ыргытышып жатканы көрүнүп турат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18