24.kg
16:56, 03 апреля 2018, 24.kg

Былтыр маршруттук таксилердин катышуусунда 626 кырсык катталган

Былтыр маршруттук таксилердин катышуусунда жалпы 626 кырсык катталып, 63 адам каза болгон. Бул тууралуу парламенттин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин отурумунда маалым болду.

Маалыматка ылайык, маршруттук таксилердин катышуусунда катталган жол кырсыгынан 1164 адам жабыркаган.

Өз кезегинде депутат Махабат Мавлянова көпчүлүк учурда маршруттук таксилер жол эрежесин сактабай жатканын баса белгиледи. Депутат жылына эки жолу айдоочулук деңгээлин текшерүү үчүн тест алып турууну сунуштады.

Ал эми мэриянын маалыматына ылайык, 2017-жылы Бишкектен маршруттук таксилердин катышуусунда 252 жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18