24.kg
16:13, 03 апреля 2018, 24.kg

Гүлзинат Суранчиева: Менден төмөн ырчылар сыйлык алганда көңүлүм ооруган

Эмгек сиңирген артист, көптөгөн эл аралык сынактардын жеңүүчүсү Гүлзинат Суранчиева «24.kg» агенттигинде конокто болуп, жаңы тартылып жаткан клиби, мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруучуларга таарынычы жана башка ойлору менен бөлүштү.

Photo 65693

— Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылануу болуп жатат? Кандай жаңы ырлардын үстүндө иштеп жатасыз?

— Чыгармачылыгымда жаңылануулар абдан көп. Жакында эле орус тилинде «Подари мне» деген абдан сонун чыгарма жаздырдым. Эртең буйруса ошого жаңы кирип тартканы турам. Андан тышкары мурдагыдай эле болгон күчүмдү чыгармачылыкка жумшап, изденүүнүн үстүндөмүн. Башка ырчылар сыяктуу эле жакшы ыр тапсам, ошол ырым эл купулуна болсо деген аракеттин үстүндө эле иштеп жатам.

— Быйыл дагы жеке концерт берем деген оюңуз барбы?

— Бардыгыңыздарга белгилүү болгондой 2017-жылы жеке концертимди бергем. Жөн эле концерт берүү эмес, максатым кайрымдуулук ишин жүргүзүү болчу. Ал кечеден түшкөн каражатты биринчи жолу чоң кайрымдуулукка жумшадым. Буга чейин деле кайрымдуулук концерттерине катышып, бошой калганда белек-бечкектеримди көтөрүп алып балдар үйүнө барып турчумун, бирок чоң бир кайрымдуулук концертин уюштуруп көргөн эмесмин. Өз кызыкчылыгым үчүн эле иштей бербей, коомго дагы жакшылык кылсам деген кыялымды былтыр ишке ашырдым.

— Сыйлык алганы сиз менен баарлаша элек экенбиз, кут болсун! Сыйлык алууда кеч калган жоксузбу же тескерисинче эмгегиңиз эрте бааландыбы?

— Рахмат, өзүң үчүн эле эмес, жалпы кыргыз эли үчүн жакшы нерселерди жасасаң, сенин чыгармачылыгыңдын арты менен Кыргызстандын аты дүйнөгө дүңгүрөсө, мунун өзү сыйлык. Мен 7 жолу эл аралык сынактарга катышып, өлкө намысын коргодум. Бардык сынактардан пианистка катары дагы, ырчы катары дагы алдыңкы орундарды багындырдым. Андан тышкары көп жылдан бери мугалим болуп иштейм. Мугалимдик — бул эң мыкты кесиптердин бири. Өсүп келе жаткан өспүрүмдөргө тарбия берип, ошолордун адам болуусуна салым кошуу абдан жоопкерчиликтүү иш. Ошол эмгектеримдин артынан Кудай буюруп, былтыр «Эмгек сиңирген артист» наамын алдым. Көп жылдык эмгегиң мамлекеттик деңгээлде бааланса абдан кубанат экенсиң.

— Демек маданият кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарууда тең салмактуулук сакталбайт деген пикирдесиз?

— Эми ар кандай көрүнүштөр болуп жатат. Маселен, айрымдар наам алганда социалдык тармактарда деле катуу талкууга алынып, коомчулук, журналисттер, атүгүл өзүнүн чөйрөсүндөгү адамдар сынга алып жатышат. Мындай нерсе жөн жерден чыкпайт. Эл көрүп турат, эл тараза дегендей.

— Алдыда дагы кандай эл аралык сынактарга катышсам деп камданып жатасыз?

— Сынактардын көпчүлүгү өсүүсү жана чыгармачылык чөйрөдө калыптануусу үчүн негизинен жаш ырчыларга багытталат.

Бирок жашы кырктан өтүп, канчалаган наамдардын ээси болгон ырчылар үчүн деле сынактар бар. Италия, Франция мамлекеттеринде өтүп келген ушул сыяктуу жакшы сынактарды билем. Буйруса ошолорго катышып көрсөм деген кыялым бар.

— Ийгилик сырлары эмнеде деп ойлойсуз?

— Ийгилик сырлары билимде жана эмгекте. Мен бул нерсени дайыма айтып келем. «Билими бар миңди жыгат, билими жок бирди жыгат» ,- деген макалга терең баа берем. Эгерде адам өсөм, кайсы бир кесиптин мыкты адиси болом десе эң биринчи билим алышы керек. Ошол нерсени жакшы өздөштүрүү зарыл. Андан соң талыкпаган эмгек талап кылынат. Жалкоо болсоң эч нерсеге жетпейсиң. Дайыма изденип, өзүңдүн үстүңдөн иштешиң керек. Алма быш, оозум түш деп отура берген болбойт. Айрым учурда алма деле түшүп кетиши мүмкүн, бирок өтө сейрек. Андыктан эмгек кылуу керек.

— Убактыңызды бөлүп, биз менен маектешкениңизге рахмат! Ишиңизге ийгилик!

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18