24.kg
15:54, 03 апреля 2018, 24.kg

Суроо-жооп. Баламды эмдөөдөн баш тарткандыгым үчүн эле мени кодулап жатышат

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Эмдөө боюнча бейтапканага чакырышкан. Мен берген суроолорума алгылыктуу жооп беришпегендиктен, эмдетпей кетип калганмын. Эми биздин үй-бүлөгө «согуш» жарыялашып, диний ишенимден улам эмдетпей койгондугумду айтышууда. Ага тууган-урук да кошулуп, эмдетүүнү талап кылууда.

Жооп: Баланы эмдетүүдөн баш тартууга диний ишеним негиз боло бербейт. Айрым учурда ата-эне өздөрүнүн аймактык медициналык кызматкерине ишенишпейт. Алардан эмдөө боюнча толук маалымат ала алышпагандыктан, андан башка жерге кайрылуу мүмкүнчүлүгү болбогондуктан дагы эмдетпей калышат.

Сиз биринчи кезекте баланы коргоп жатасыз. Андыктан, аны айлана-чөйрөдөгүлөрдүн баарына түшүндүрүүгө милдеттүү эмессиз.

Photo 65688

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18