24.kg
14:39, 03 апреля 2018, 24.kg

Кыргызстанда 3 миңден ашык үй бүлө жер көчүү коркунучу бар аймакта жашайт

Кыргызстанда 3 миңден ашык үй бүлө жер көчүү коркунучу бар аймакта жашайт. Бул тууралуу бүгүн, парламенттин Унаа, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин отурумунда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.

«3418 үй бүлө жер көчүү коркунучу бар аймактарда жашайт. Алардын ичинен 2044 үй бүлөгө мамлекет тарабынан ссуда берилип, жер тилкеси бөлүнгөн. Алар көчүп кетсе болот. Калган 1 миң үй бүлө ала элек», — деди ал.

Учурда аларды коопсуз жайга көчүрүү иш аракеттери жүрүп жатат.

"Негизги иштер жергиликтүү бийлик тарабынан жүргүзүлүүдө. 3 миңден ашык үй бүлөнүн 1341и туугандарыныкына көчүп кетсе, 63 үй бүлө чатырларга жайгаштырылды. Бардыгы болуп 1404 үй бүлө коопсуз жайга көчүрүлдү",- деди Боронов.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18