24.kg
13:55, 03 апреля 2018, 24.kg

Казакстанда жүзгө жакын киши балмуздактан ууланды

Казакстандын Чымкент шаарында балмуздактан уулангандардын саны жүзгө чукулдады. Бул тууралуу Түштүк Казакстан облусунун саламаттык сактоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Мира Сулеева билдирди.

Анын айтымында, балмуздак жеген жүзгө жакын киши ооруканага кайрылып, алардын баары жаткырылып, анализдер алынган. Кийинчерээк 38 киши үйлөрүнө чыгарылган.

Ууланган кишилердин так саны экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин белгилүү болот.

2-апрелде облус акими Жансеит Туймебаев жабыркагандар менен жолуккан учурда Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ишин сынга алган.

Балмуздактан уулангандар Чымкенттин инфекциялык ооруканасына 29-марттан тартып түшө баштаган. Алардын баары шаардагы күркөлөрдүн биринен балмуздак жегени аныкталган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18