24.kg
13:49, 03 апреля 2018, 24.kg

Өзбекстандагы кыргыз айылы 45 күндүн ичинде таанылгыс болуп өзгөрдү

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен Дустлик районундагы Манас айылы 45 күндүн ичинде таанылгыс болуп өзгөрдү. Президенттин басма сөз кызматы айылдын оңдоо иштерине чейинки жана андан кийинки көрүнүшү тартылган видео жарыялады.

Быйыл февралда эле Манас айылы үйлөрү менен имараттары эски, жолдору баткак, каралбай калган кыштак болчу.

«Адамдардын мындай шарттарда жашап жатканы абдан өкүнүчтүү. Мен Манастын мисалында алдыбызда кандай иштер менен маселелер турганын көрсөткүм келүүдө. Аны оңдоо абдан кыйын болот...Бирок эң оор айылдан баштабасак, анда адамдар бизге ишенишпейт. Эч качан ишенбейт», — деген Мирзиёев бир жарым ай мурда.

Андан кийин айылдагы эски имараттар түрттүрүлүп, алардын ордуларына эки кабаттуу көп батирлүү үйлөр тургузула баштаган. Заманбап бала бакча, бейтапкана, спорт аянтчасы ачылып, тери жана жүн кайра иштетүү жолго коюлду.

Photo 65631

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18