24.kg
16:06, 02 апреля 2018, 24.kg

Аскерде өз жанын кыюу азайды

Аскерде өз жанын кыюу азайды. Бул тууралуу социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин жыйынында Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Нурсеит Кедеев билдирди.

Анын маалыматында, аскер адамдарын камсыздандырууга биздин бюджеттин 3 пайыз каралган же ал 26-27 млн сомду түзөт. Мындайча айтканда, бир адамга 1 миллион 40 миӊ сом бөлүнөт.

Ал аскер адамдарын өлүмгө түрткөн себептер көп экенин, бирок өз жанын кыюу азайганын белгиледи.

«Ар кандай кыйчалыш абал жаралат, үйүнөн алыс кызмат өтөгөн жигиттер туруштук бербей калган кездер болот. «Дедовщинаны» жойдук десек жаңылбайм, бирок офицерлер ыдык көрсөтөт деген маалыматтар бар, анын да аягына чыгабыз. Жакында казармаларга видеобайкоо камераларын орното баштайбыз», — деп кошумчалады ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18