24.kg
12:29, 02 апреля 2018, 24.kg

Депутат жолдордун жыл өтпөй бузулуп жаткандыгына кабатыр

Өткөн жылы курулган жолдор жазында кайра бузулуп жатат. Мындай абал ордо калаада эле эмес, бүткүл өлкө аймагында кездешет. Бул тууралуу депутат Сайдулла Нышанов Бюджет жана финансы боюнча комитеттин кезектеги жыйынында билдирди.

«Мындан 40 жыл мурда салынган жолдор ушул кезге чейин сакталып келет. Ал эми былтыр курулган жолдор быйыл кайра бузулууда. Ушу кантип болсун. Мамлекеттин каражаты бекер чачылып жатат. Тийиштүү чараларды көрүш керек», — деди депутат.

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев өкмөт бул маселе боюнча иштеп жатканын билдирди.

«Буга чейин төшөлгөн асфальттын сапатын текшере турган лаборатория жок экен, азыр көчүп жүрүүчү жаӊы жабдуулар сатылып алынды», — дейт ал.

Ал эми транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов курулган жолдорду кабыл алуу боюнча жаӊы жобо иштелип чыкканын кошумчалады. «Жобого ылайык, Транспорт жана жол министрлиги курулган жолдорду кабыл алууга катышпайт», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18