24.kg
11:50, 02 апреля 2018, 24.kg

Ошто 31 жаштагы эне төрөттөн каза болду

Ош шаардык төрөт үйүндө 31 жаштагы эне жана анын ымыркайы каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кош бойлуу учурунда эне бир дагы жолу медициналык текшерүүдөн өткөн эмес. Өмүрүн сактап калуу үчүн дарыгерлер операция жасашкан, бирок бөйрөктөрдү иштебей калган.

«Аял эки жыл Россияда иштеген. Буга чейин бөйрөгү ооруп жүрсө дагы бир дагы жолу текшерүүдөн өткөн эмес. Кош бойлуу учурунда каттоого турган дагы эмес. Бизге 28-мартта Кара-Кулжа районунан келип түштү. Дарыгерлер сактап калуу үчүн операция дагы жасашты. Бирок кан көп кетип калгандыктан, сактап кала алган жокпуз. Бала аябай алсыз болуп төрөлдү. Өзү түнкү саат 3:00дө каза болду, ал эми ымыркайды таңкы 4:00 чамасында жоготтук. Бул аялдын төртүнчү баласы экен», — деп маалымдашты министрликтен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18