24.kg
10:44, 02 апреля 2018, 24.kg

Хабаровскта Кыргызстан жараны адам өлтүрүү боюнча шектелүүдө

Хабаровскта дайынсыз жоголгон 52 жаштагы аялдын жансыз денеси Еврейлердин автономиясында табылды. Бул тууралуу Орусиянын маалымдоо каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, аял жалгыз бой болгон. Ал чыгыш мырзалары менен мамиле кургандык жакшы көрчү. Айым жигиттер менен социалдык түйүндөр аркылуу таанышчу.

Акыркы жолу аял 30 жаштагы Кыргызстан жараны менен таанышкан. Алар Владивосток көчөсүндөгү батирлердин биринде жолугушкан.

«Экөө ичимдик ичишкен. Кызып калган айым жигиттин энесин жана жакындарын кемсинте баштаган. Ачуусу келген жигит аялды ур-токмокко алган. Андан соң муунтуп өлтүргөн. Жансыз денени баштыкка салып, Еврейлердин автономиясына алып барып таштаган. Жеке буюмдарын таштанды урнасына ыргыткан», — деп жазылат маалыматта.

Учурда жаран камакта. Тергөө иштери аяктап, иш сотко өткөрүлүп берилген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18