24.kg
09:36, 02 апреля 2018, 24.kg

Базар-Коргондогу Кара-Үңкүр дарыясын жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө

Базар-Коргондогу Кара-Үңкүр дарыясын жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагында 2018-жылдын 28-март күнү жааган жаандын кесепетинен Кара-Үңкүр дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Кызыл-Ай айылынын МТФ участкасында «Алтын-Булак» пахта тазалоочу заводунун аймагын жана болжол менен 110 турак жайды каптап кетүү коркунучу жаралган. Ошого байланыштуу Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагынын башчысынын 2018-ж.28.03. № 41 буйругунун негизинде аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Тартылган күчтөрдүн жардамы менен 29-март күнү узундугу 260 м, бийиктиги 2-2,3 м убактылуу дамба көтөрүү жумуштары аткарылып, дарыянын жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлдү. Мындан сырткары аталган дарыянын жээктерин бекемдөө үчүн 32 рейс таш бетон ташуу жумуштары аткарылып, саат 17:00дө суу каптоо коркунучу жоюлду. Түн киргендигине байланыштуу саат 19:40да жээк бекемдөө иштери убактылуу токтотулду. 30-март күнү жумуш улантылат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18