24.kg
09:26, 02 апреля 2018, 24.kg

Бишкектеги соода борборлорунун өрткө каршы коопсуздугу текшерилүүдө

Бишкек шаардык өрткө каршы кызматы соода борборлордун коопсуздугун текшерүү максатында окутуу өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Өткөн жумада «Балдар дүйнөсү» (Детский мир), «Азия Молл», «Бишкек Парк» жана Аламүдүн базарында өрткө каршы окуулар өттү. Соода түйүндөрүнүн кардарлары, кызматкерлери тышка чыгарылды. ӨКМдин маалыматында, соода түйүндөрдү, базарларды текшерүү жана өрт учурунда өзүн алып жүрүү боюнча окуулар улантылат.

Эскерте кетсек, Россиянын Кемерова шаарындагы кырсыктан кийин өкмөт башчысы Сапар Исаков өлкөдөгү баардык ири соода түйүндөрүн текшерип чыгууну буйруган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18