24.kg
09:04, 02 апреля 2018, 24.kg

Бишкекте мектеп окуучусу кокустан классташын атып алды

№ 38- мектеп-гимназиясынын окуучусу кокустан классташын атып алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бала мектепке тууганынын тапанчасын көтөрүп келген. Текшерүүгө алган учурда тапанчага ээси мыйзамдуу түрдө ээлик кылаары жана бардык документи бар экени аныкталган.

«8-класстын окуучусу мектепке тапанча көтөрүп келген. Классташына көрсөтөм деп жатып, аны атып алган. Ок экинчи окуучунун ийнине тийген. Ал № 3-балдар ооруканасына жаткырылды. Атып алган бала мурун кылмыш кылып каттоого алынган эмес. Мугалимдердин айтымында ал тартиптүү окуучулардын бири. Учурда иликтөө иштери жүрү жатат», — деп маалымдайт милиция кызматы.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18