24.kg
08:33, 02 апреля 2018, 24.kg

Эрдоган Нетаньяхуну «баскынчы» жана «террорчу» деп атады

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өткөн жумадагы 15 палестиналыктын өлүмүнө байланыштуу Израил өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяхуну «баскынчы» жана «террорчу» деп атады. Бул Нетаньяхунун түрк аскерлерине айткан сынына жооп болду.

Эки өлкө лидерлеринин ортосундагы жаңжал израил аскерлеринин Изарил-Газа чегиндеги өткөн жумадагы аракетин Түркия сынга алгандан кийин башталды. Ага жооп кылып Нетаньяху Твиттер баракчасына израил аскерлерин «көптөгөн жылдардан бери жай тургундарды бомбалап келгендер» үйрөтпөшү керек деп жазды. Муну менен ал түрк бийлиги, анын Сириядагы, Ирактагы жана Түркиянын өзүндөгү күрттөргө каршы операциялары жөнүндө айтты. Мындан кийин Эрдоган өз тарапкерлеринин алдында Нетаньяху менен анын өлкөсүн палестиналыктарга каршы агрессия жасоого айыптап, дүйнөдө аларды «эч ким жакшы көрбөй турганын» айтты.

Жекшембиде Израилдин коргоо министри Авигдор Либерман БУУ менен Европа биримдигинин 15 палестиналыктын өлүмүн иликтөө боюнча чакырыгын четке какты. «Израиль аскерлери зарыл болгон нерсени кылышты. Менимче, биздин аскерлердин бардыгы сыйлыктарга татыктуу», — деди Либерман жергиликтүү радиого берген маегинде. Израилдин маалыматы боюнча өткөн жумада өлтүрүлгөндөрдүн көбү радикал палестин топторунун мүчөлөрү болуп эсептелишет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18