24.kg
16:16, 30 марта 2018, 24.kg

УКМК депутат Чыныбай Турсунбековдун жардамчысына карата кылмыш ишин козгоду

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун жардамчысына карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин аппаратынан Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка багытталган 2 миллион 61 миң сом максатсыз пайдаланылганы тууралуу кайрылуу келип түшкөн.

10- февралда Жогорку Кеңештин кызматкери Закировго (жасала документ колдонуу менен бюджеттин акчасына ээлик кылуу) беренеси боюнча айып тагылган. Ошондой эле аны УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алуу өкүмү чыгарылган.

Кылмыш ишинин алкагында ЖКнын мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун А.Н. аттуу жардамчысы кылмыш жаза кодексинин 171 жана 350 — беренелеринин негизинде айыпталууда.

Ага карата өлкөдөн тышкары чыкпоо чарасы көрүлдү. Кылмыш иши боюнча биринчи-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жана депутат Чыныбай Турсунбеков суракка чакырылган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18