24.kg
14:36, 30 марта 2018, 24.kg

Журналист Чынара Капарова Илим Карыпбековду соттон утуп алды

Photo 65170

КТРКнын мурдагы алып баруучусу Чынара Капарова каналдын башкы директору Илим Карыпбековду Жогорку соттон утуп алды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы Сюита Соурбаева билдирди.

Анын айтымында, Жогорку сот 26-марттагы токтому менен буга чейин Ленин жана Бишкек шаардык соту чыгарган чечимдерди күчүндө калтырды.

«Чынара Капарованын мурда ээлеген кызмат ордуна орноштуруу тууралуу доо арызы канааттандырылды. Капарова «Ала-Тоо» маалымат программалар студиясынын баяндамачысы болуп кызмат ордуна барат», — деди Соурбаева.

Сот токтомуна ылайык, КТРК Капаровага иштен алынгандан кийинки 55 миң сом айлыгын жана 5 миң сом өлчөмүндө моралдык чыгымын төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Коомдук каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков 2016-жылы Капарова маркум Эл акыны Сүйүнбай Эралиевди «Эл баатыры» деп эфирде туура эмес тааныштырганы үчүн иштен алган.

Капарова бул кемчилик үчүн эскертүү берүү жетиштүү болмогун айтып, сотко кайрылган. Илим Карыпбеков сот чечими кагаз түрүндө келсе, аны аткарууга даяр экенин билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18