24.kg
14:29, 30 марта 2018, 24.kg

Мамдума депутаты эмгек мигранттарына электрондук билерик тагууну сунуштады

Мамлекеттик дума депутаты Максим Иванов эмгек мигранттарына маалымат камтылган электрондук билериктерди тагууну сунуштады.

«Бул аталган тармактагы көзөмөлдүн эффективдүүлүгүн арттырат. Расмий статистика боюнча 2017-жылы Орусия ИИМи 136 укук бузууларды аныктаган. Чөнтөккө толтура кагаз документтерди салып жүргөнчө, анын баарын электрондоштуруу сунушталууда. Ким аны колуна таккысы келбесе, чөнтөгүнө салып жүрсүн. Бул эмгек мигрантынын жашоосун жеңилдетет», — деп жазды депутат Фейсбукка.

Иванов Федералдык миграция кызматынын текшерүүлөрү ыңгайлуу болуп каларын белгиледи.

Мигранттарга билерик тагууну беш жыл мурун Коомдук палатада дагы сунушташкан. Анда спутник аркылуу көзөмөл жүргүзүү жана «иш берүүчүлөрдүн кара тизмесин» түзүү каралган. Чиновниктердин пикиринде, легалсыз миграция масесесин чечүүдө орус мыйзамдары алсыздык кылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18