24.kg
14:10, 30 марта 2018, 24.kg

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган жайкы сахна ачылды

Ошто Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган жайкы сахна ачылды. Бул тууралуу каала мэриясы маалымдайт.

Дарыянын үстүнө курулган подиум-көпүрө маданий эс алуучу иш-чараларды өткөргөн өзүнчө жай болот. Анда улуттук маданий көргөзмөлөр, концерттер, майрамдык салтанаттар белгиленмекчи.

Курулуштун тендердик баасы 16,4 миллион сомду түзүп, узундугу 60, ал эми туурасы 40 метрди түзөт.

Айта кетсек, акыркы 3 жылдын ичинде Ош шаарында 3 чоң көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. А.Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушуна бөлүнгөн каражатты максаттуу жана үнөмдүү пайдаланылып, үнөмдөлгөн акча каржаттын эсебинен Н.Исанов көчөсү менен Ленин көчөсүн бириктирген көпүрөнүн, Сай-Бою жана Тилеке Баатыр көчөлөрүн бириктирүүчү көпүрөнүн жана жаңыдан пайдаланууга берилген жайкы сахнанын курулушу ишке ашты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18