24.kg
13:55, 30 марта 2018, 24.kg

2017-жылы карышкылар өлкө аймагындагы 30 миллион сомдук малды кырган

2017-жылдын жыйынтыгында малчылар карышкырдан 30 млн сом зыян тартты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев билдирди.

Ал эми депутат Чыныбай Турсунбеков 30 миллион сомдук чыгым расмий гана маалымат экенин эске салып, көп малчылар эч жакка кайрылбай турганын белгиледи.

«Менимче, 30 сом — расмий эле маалымат, иш жүзүндө андан эсе көп чыгаша тартабыз. Жогоруда Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин башчысы чет өлкөлүктөрдүн аӊчылыгынан 61 млн сом киреше түшкөнүн айтты, ошол эле учурда, биз карышкырдан 30 млн сом чыгаша тартып жатпайбызбы», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18