24.kg
14:54, 29 марта 2018, 24.kg

Ат-Башында таза суулардын жанына курулган септиктер жабылат

Ат-Башында таза суулардын жанына курулган септиктер жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик техникалык жана экологиялык инспекциясы билдирет.

Алардын маалыматында, Нарын облусунун Ат-Башы районунунда жайгашкан көп кабаттуу турак-үйлөрдө саркынды чыгаруучу түтүкчөлөр орнотулган эмес. Ага карабай, жергиликтүү тургундар өз билемдик менен үйлөрүнө жакын жерлерде, таза суу чыккан түтүкчөлөрдүн жанында септиктерди куруп алышкан.

Адистердин айтымында, тургундардын колдонуудан чыккан кир суулары таза сууга барып кошулушу толук мүмкүн. Андыктан, өз алдынча курулган септиктер тез аранын ичинде жабылат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18