24.kg
10:19, 29 марта 2018, 24.kg

Дарыгерлердин иш жумалыгын беш күнгө өткөрүү сунушталууда

Кыргызстанда дарыгерлердин иш жумалыгын беш күнгө өткөрүү сунушталууда. Мындай сунушту Жогорку кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев киргизди.

Анын айтымында, дарыгерлер көпчүлүгү ишемби күнү дагы иштешет. Депутат алар башкалар сыяктуу беш күндүк иш тартибине өтүүсү керек деп эсептейт.

«Албетте, өзгөчө кырдаал катталып кетсе ооруканага барсын. Бирок Эмгек кодексине ылайык, дарыгерлер жумасына 40 саат иштеши керек. Аларга эки күндүк эс алуу керек», — деди Дастан Бекешев.

Депутат 2016-2017- окуу жылдарынын экинчи жары жылдыгынан баштап бардык мектептердин башталгыч класстары беш күндүк окуу системасына өткөнүн эске салды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18