24.kg
17:43, 28 марта 2018, 24.kg

Быйыл 500 миллион сомго дем берүүчү гранттар боюнча 213 долбоор ишке ашырылат

Быйыл 500 миллион сомго дем берүүчү гранттар боюнча 213 долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоорлорду каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары берген отчёттордон көз каранды. Гранттын талап кылынган көлөмүнө жараша, грант, отчёт тапшырылгандан кийин, долбоордун тибине жараша каражаттардын өздөштүрүлүшүн эске алуу менен бөлүп-бөлүп берилет.

2017-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 208 долбоорду каржылоого республикалык бюджеттен «дем берүүчү гранттар» беренеси боюнча жалпысынан 370 млн 635,6 миң сом жумшалган.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамында «Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар» беренеси боюнча 500 млн сом каралган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18