24.kg
15:24, 28 марта 2018, 24.kg

Депутат президентти Акүйдөн мейманканага көчүүнү сунуштады

Депутат «Ысык-Көл» мейманканасын президентке жана анын аппаратына колдонуу үчүн берүүнү сунуштады. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда билдирди.

Анын айтымында, мейманкана президенттин иш башкармалыгынын балансында.

«Ант берүү аземин эстесеңер. Ал жерде эмне деген сөздөр айтылды эле. Президент парламенттин имаратында отурат, анын өзүнүн кеңсеси жокпу, же квартирантпы? Мейманкананы сөзсүз эле сатыш керекпи?»  деди эл өкүлү.

Буга чейин дагы шаардагы унаа тыгынын азайтуу үчүн мамлекеттик органдарды шаар сыртына көчүрүү сунушталган.

Эскерте кетсек, мамлекеттик деңгээлдеги иш чараларды өткөрүп, сыйлуу конокторду кабыл алуу үчүн «Ысык-Көл» мейманканасы улуттук стилде реконструкциядан өтөт. Мындай сунушту Экономика министрлигине караштуу Инвестиция тартуу агенттиги 2016-жылы киргизген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18