24.kg
15:44, 28 марта 2018, 24.kg

Бишкекте 13-15 жаштагы мектеп окуучуларынын 21 пайызы кальян чегишет

Бишкекте 13-15 жаштагы мектеп окуучуларынын 21 пайызы кальян чегишет. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинде айтылат.
 
2014-жылы жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгында өспүрүм курактагы окуучулардын 7 пайызы кальян чегип көргөндүгүн, Бишкекте бул көрсөткүч 21 пайызга жетери аныкталган. Алардын 5 пайызы кыздар.
Photo 64824

2008-2014-жыл аралыгында чылым чеккен өспүрүмдөрдүн саны эки эсеге кыскарып, бирок насвай колдонуучулардын саны 2,5 эсеге өскөн.
«Насвайды мектептин алдында да сатышат. Аны сатуу эрежелери мыйзамда каралган эмес. Жада калса, ага айыппул да салынбайт» — дейт «Саламаттыкты сактоо» коомдук фондунун жетекчиси Чынара Бекбасарова.

Чынара Бекбасарованын айтымында, тамеки сатууда мыйзам талаптары аткарылбайт. Бишкектеги соода түйүндөрүнүн 60 пайызында тамеки балдар оюнчуктары жана таттууларга жакын коюлган.

Photo 64823

«Чылымды мектеп жана башка жайлардан 100 метр алыстыкта сатуу керек. Бирок, ал талап аткарылбайт. Мектептин жанындагы дүкөндөр, жада калса даналап сатып сатышат. Кыргызстанда тамекини даналап сатууга тыюу салынган» — дейт ал.

Фонддун иликтөөсүнүндө тамеки түтүнү коомдук тамактануучу жайларда нормадан ашыкча экендиги аныкталды.

Тамекини сатуу жана чегүү боюнча мыйзам долбооруна өзгөртүү сунушталууда. Ага ылайык тамекини дүкөндөрдө дагы жарнамалоого тыюу салынат. Андан тышкары, коомдук жайларда, спорттук жана балдарга арналган иш чаралар өткөн жерлерде тамеки чегүүчү жайлары болбошу шарт. Аны менен бирге тамекинин зыяндуулугу боюнча жармананын аянтчасын көбөйтүү сунушталат.

«Тамеки чегүүгө тыюу салынган коомдук жайларга автовокзал жана коомдук тамактануучу жайлар кирбей калган. Эми аларды да киргизүү керек» — дейт Чынара Бекбасарова.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматында, Кыргызстанда жыл сайын 6 миң жакын адам никотинге ууланып көз жумат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18