24.kg
14:27, 28 марта 2018, 24.kg

Жайга даярдык. «Өзбек темир жолу» Ысык-Көлгө билетти 45 пайызга арзандатты

 Өзбек темир жолу» ишканасы Ысык-Көлгө чейинки поезд каттамына арзандатуу жарыялады. Алдын ала билет сатып алгандар гана жеңилдиктерге ээ болот.

Маселен, люкс класс жана купе үчүн 45 — 31 күн мурун билет алган жүргүнчүлөр 45%, ал эми 30 — 6 күн мурун билет алгандар 35% арзандатууларга ээ болушат.

Популярдуу плацкарт вагондор үчүн 25-35% арзандатуулар киргизилет.

Бул арада бир гана тарап үчүн билет алгандарга жеңиликтер берилбейт.

Буга чейин билеттин баасы Бишкектен Ташкентке чейин плацкарттык вагон үчүн 2500 сом, купе вагон үчүн 3378 сом жана люкс вагон үчүн 6432 сом турары кабарланган.

Ташкент — Бишкек — Балыкчы— Ташкент каттамы боюнча алгачкы поезд Ташкенттин Борбордук бекетинен 22-мартта жолго чыккан. Ал тогуз люкс, купе, плацкарт жана вагон-рестораны бар тогуз вагондон турган. Поезд 300 кишиге ылайыкташтырылган жана Ташкенттен бейшемби күндөрү сапарга чыгып, 25 саат жол жүрөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18