24.kg
12:20, 28 марта 2018, 24.kg

Мамлекеттин карамагында 1150 ишкана болсо, алардын 894ү иштебейт

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун берген маалыматына караганда, мамлекеттин карамагында 1150 ишкана бар. Алардын 894ү иштебейт. Өткөн жылдын жыйынтыгында мамлекеттин карамагындагы ишканалардан 124 млн сом көлөмүндө киреше алынган, бул өтө аз. Бул тууралуу депутат Умбеталы Кыдыралиев Жогорку Кеӊеш жыйынында «Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө» мыйзамдын жаӊы редакциясынын долбоору каралып жатканда билдирди.

Депутаттын айтымында, мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарылышы башкы көйгөйлөрдөн. Анын кесепетинен республикалык бюджет көптөгөн каражаттан куржалак калууда.

«Эгерде 236 эле эмес, баардык ишканалар иштей турган болсо, бюджетке миллиардаган киреше түшмөк. Тилекке каршы, көптөгөн убадаларга карабастан, аларды ишенимдүү башкара албай келебиз. Мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо былтыр аягына чыгат дешти эле, ал дагы иши да кечеӊдеп турат, деги анын азыркы абалы кандай?», — деди ал.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Ренат Түлөбердиев азыркы учурда негизги фонддо турган мүлктөрдү инвентаризациялоо жумушу аяктап калганын билдирди.

«Негизги фонддогу мүлктөрдүн наркы аныкталды. Эми биз алардын рыноктук баасын чыгарышыбыз керек. Ошондо жалпы мүлктүн чыныгы наркы билинет. Бул бери дегенде 2-3 жылдык жумуш. Ал эми энерготармакты инвентаризациялоо жумуштары быйыл октябрь айында бүткөрүлөт», — деген жообун берди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18