24.kg
09:42, 28 марта 2018, 24.kg

Бишкек-Ош жолу түнү жабылат. Кар көчкү жүрүшү күтүлөт

Бишкек-Ош унаа жолунда кайрадан чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

27-30-марттагы туруксуз аба-ырайына байланыштуу, Бишкек-Ош автоунаа жолунда кар көчкү коркунучу сакталууда. Андыктан, 27-марттан тарта 30-мартка чейин Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда жана Талас облусунун Талас районундагы Өтмөк ашуусунда саат 21:00дөн саат 06:00гө чейин унаалардын баардык түрлөрү үчүн жол каттамы жабылат. Таңкы 06:00да кайрадан бардык посттор ачылат.

ӨКМ жүргүнчүлөргө Бишкек-Ош унаа жолу менен кечке маалы алыскы сапарга чыкпоону эскертет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18