24.kg
09:16, 28 марта 2018, 24.kg

Россия бүгүн Кемерова шаарындагы өрттө каза болгондорго аза күтөт

Орусияда президент Владимир Путиндин жарлыгы менен 28-март Кемероводогу «Зимняя вишня» соода борборунда өрттөн набыт болгондорду эскерүү күнү деп жарыяланды.

Буга чейин Орусиянын сегиз аймагында аза күтүү күнү жарыяланган. Москва, Санкт-Петербург баштаган бир нече шаарда маркумдардын элесине арналган иш-чаралар өтөт. Көптөгөн өлкө жашоочулары орусиялык элчиликтердин имаратына гүл көтөрүп келүүдө.

Өрттөн жабыр тарткандардын туугандары буга чейин аза күтүү күнү жарыяланбагандыгы үчүн бийликти кескин сындашкан болчу.

Кемероводо шейшемби күнү жүздөгөн шаардыктар облустук администрациянын алдына митингге чыгышты. Алар бийликтен кырсыкта канча киши өлгөнү тууралуу чындыкты айтууну талап кылышты. Көп кишилер өлгөндөрдүн саны көп болушу мүмкүн деп күмөн санашат. Нааразылыкка чыккандар куткаруучулардын ишин сындап, апаатты кылдат иликтөөнү талап кылышты.

Кемеровонун соода борборунда жекшембиде болгон өрттүн курмандыктарынын саны расмий маалымат боюнча 64 адамды түздү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18