24.kg
08:53, 28 марта 2018, 24.kg

Британия орус дипломаттарын жапырт чыгарууну кубаттады

Британия дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн «орус тыңчылары» катары шектелген дипломаттардын чыгарылышын «маанилүү бурулуш» деп баалады.

Орусия мындай иш-чара АКШнын «катуу басымынан» улам болуп жатат деп билдирди.

Британ тышкы иштер министри Борис Жонсон «Твиттер» баракчасына «Мындай соккудан кийин орус чалгын кызматын калыбына келтирүүгө көптөгөн жылдар керек» деп жазды. «Батыштагы өнөктөштөр чечкиндүү чара көрүштү, Британиянын өнөктөштөрү Кремлдин ойлонбогон дымагына бирге каршы турушту» деп билдирди британ министри.

Англияда мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипалдын ууландырылышы боюнча Кремл Лондонго түшүндүрмө берүүдөн баш тарткандан кийин бир катар өлкөлөр өз аймактарынан орусиялык дипломаттарды чыгарууну чечти.

26-мартта 22 мамлекет жалпысынан 116 дипломатты чыгара турганы жарыяланды. Мындай чара «Кансыз согуш» маалынан бери биринчи жолу болуп жатат.

Дүйшөмбүдө АКШнын президенти Доналд Трамп 60 орус дипломатын чыгарып, Орусиянын Сиэтлдеги консулдук өкүлчүлүгүн жабууга буйрук берген. Евробиримдикке кирген 15 өлкө, АКШ, Канада, Норвегия, Албания, Македония жана Украина да Лондонго тилектештигин билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18