24.kg
12:30, 27 марта 2018, 24.kg

Мурдагы депутат Канатбек Исаевдин экинчи кылмыш иши тергелип бүттү

Мурдагы депутат Канатбек Исаевдин кылмыш иши тергелип бүттү. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Биринчи май райондук сотунун канцеляриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-апрелде тараптар иш менен таанышып, андан соң ал сотко өтөт.

Эскерте кетсек, Канатбек Исаев 2017-жылдын 30-сентябрында камакка алынган. Ал бийликти күч колдонуу жолу аркылуу басып алууга аракет кылган деп айыпталууда.

Ал эми экинчи иши боюнча Биринчи май райондук соту Исаевди 12 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Ага Токмокто мэр болуп турганда муниципалдык жер тилкесин жеке компанияга мыйзамсыз берген жана китепкана менен жатакананы жеке жакка төмөн баага сатып жиберген деген айып тагылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18