24.kg
16:29, 26 марта 2018, 24.kg

Өз небересин сатууга аракет жасаган аял кармалды

Ош шаарында өз небересин сатууга аракет жасаган аял кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине Ош шаарында өз небересин сатууга аракет жасаган аял тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө небересин сатууга аракет жасап жаткан аял кишинин өздүгү такталып, ал Ош облусунун 59 жаштагы М.Л. аттуу тургуну болуп чыккан.

Аял бир айга толо элек небересин 20 миң сомго баалаган. Учурда ымыркай социалдык адистерге өткөрүп берилген.

Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренеси (адам сатуу) менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18