24.kg
13:46, 26 марта 2018, 24.kg

Жээнбеков Кемероводо катталган кырсыкка байланыштуу Путинге көңүл айтты

Бүгүн, 26-мартта, президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинге Кемерово шаарынын соода борборундагы өрттөн улам көптөгөн адамдар каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

«Кемерово шаарындагы соода борборунда чыккан өрттөн улам көп адамдар каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атыман каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын ниетимден көңүл айтуумду жана жабыркагандарга тез сакайып кетүүсүн кааларымды билдирип коюуңузду сизден өтүнөм. Орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшөбүз» -, - дейт мамлекет башчы көңүл айтуу телеграммасында.

Эскерте кетсек, Орусиянын Кемерово шаарында жайгашкан «Зимняя вишня» соода борборундагы өрттөн 39 киши каза таап, дагы 43ү жаракат алды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18