24.kg
12:20, 26 марта 2018, 24.kg

Жалал-Абад сакура шаарына айланмакчы

Жалал-Абад шаарында быйыл 100 түп сакура жана 100 түп катальпа дарагынын көчөттөрү отургузулат. Бул тууралуу каала мэриясы билдирет.

Каала жалпысынан 3800 түп ар кайсы дарактардын көчөттөрү экмекчи.

«Көчөттөрдүн 900дөн ашууну кооздук берүүчү дарактар болуп, атайын сатып алынган. Ал эми отургузулуучу сакура дарагы дегеле Кыргызстанда сейрек кездешет. Ага байланыштуу баасы да башка декоративдүү дарактардын көчөттөрүнө салыштырмалуу кымбатыраак келет. Ал эми шаардык жашылдандыруу бөлүмү тарабынан сакура жана катальпа көчөттөрү 180 сомдон сатыр алынды, алар эс алуу бактарына отургузулуп жатат», — дейт шаардык жашылдандыруу чарбасынын жетекчиси Алымбек Оморкулов.

Кошумчалай кетсек, япон маданиятынын жана достуктун символу болгон сакура 2017-жылы Кыргыз-Япон дипломатиясынын 25 жылдыгына арналып, Бишкек шаарында 6 түрү эгилген. Ал эми Жалал-Абадда бул дарактар бирин-экин гана кездешчү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18