24.kg
11:33, 26 марта 2018, 24.kg

Милиция кызматкерлери уурдалган акчага ээлик кылышкан

Чүй облусунун Аламүдүн жана Жайыл райондорунун ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган райондордун милиция кызматкерлери ири өлчөмдө акча уурдады деп айыпталган А.Н. аттуу жаранды колго түшүрүшкөн. Алар жаранды жана жакындарын коркутуу жолу менен акча катылган жайды табышкан. Тергөө тобу келгенче милиция кызматкерлери 39 миң долларды катып алышкан.

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304- беренесинин (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 305- беренесинин (укуктарын ашыкча колдонуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ушундай эле фактынын негизинде Ош облустук ИИБнын кызматкерлерине карата дагы кылмыш иши козголгон. Алар айыпталуучунун үйүн тинтүүгө алып, ири өлчөмдөгү акча каражатын табышкан. Бирок 1 миллион 740 миң сом протоколго түшкөн эмес. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18