24.kg
09:08, 26 марта 2018, 24.kg

Аскер сотунун мурдакы төрагасына издөө жарыяланды

Аскер сотунун мурдакы төрагасы Нурланбек Ашымбековго издөө жарыяланды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Нурланбек Ашымбеков «Жемкорлук» беренеси менен айыпталууда. Тергөөнүн билдирүүсүндө, ал Мамлекеттик кароол кызматынын жетекчисинин мурдакы орун басары Данияр Дунгановдон анын ишин оң жакка чечип берүү жана баш коргоо чарасын өзгөртүү үчүн 50 миң доллар алган.

Данияр Дунганов 2010-жылдн 7-апрелинде элге ок атуу боюнча айыпталып, 25 жылга эркинен ажыратылды.

Нурлан Ашымбеков үй камагында болчу. Бирок, ал соттук отурумдарга келбей жаткандыктан издөө жарыяланды.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18