24.kg
08:44, 26 марта 2018, 24.kg

Ферганада коомдук тамактануу жайларына эшек этин саткандар кармалды

Өзбекстандын Фергана облусунда коомдук тамактануу жайларына эшек этин ташыган топ кармалды. Бул маалыматты өлкөнүн Башкы прокуратурасы ырастады.

Өлкөнүн Куштепе райондук администрациясынан кабарлашкандай, мал доктурлар менен укук коргоо органдарынын биргелешкен рейди марттын башында жүргүзүлгөн. Буга түнкүсүн эшектердин айкырганына нааразылык билдирген жергиликтүү тургундардын кайрылуусу себеп болгон.

Рейддин жүрүшүндө далил катары үйлөрдүн биринен шектүү жыттанган 140 килограмм эт жана эшектин ичеги-карындары табылган.

Маалыматка караганда, эшектер Куштепедеги менчик үйлөрдүн биринде союлуп, Фергана шаарына жана Ташлак районундагы самсы, лагман даярдаган жайларга жеткирилип турган.
Башкы прокуратуранын өкүлдөрү эшектин этин сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун ырасташты.

Өзбекстанда эшектин эти уйдун этинен дээрлик төрт эсеге арзан. Бир эшектин баасы 300-500 миң сумду (36-60 АКШ доллары) түзөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18