24.kg
17:29, 23 марта 2018, 24.kg

Жол кырсыгынан жабыркаган ымыркайдын абалы оор

Бишкек-Торугарт жолунда катталган кырсыктан эки адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Mercedes-Benz жана Toyota Caldina үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Анын кесепетинен он бир айлык ымыркай, айдоочулар жана үч жүргүнчү жабыркаган.

"Ымыркай Кочкор райондук аймактык ооруканага жаткырылды. Учурда балдар ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүндө. Ал баш сөөгүнөн оор жарат алган. Абалы оор бойдон калууда",- деп маалымдайт Саламаттык сактоо министрлигинен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18