24.kg
16:29, 23 марта 2018, 24.kg

Өкмөт эми «жүк 200» үчүн 50 миң сом төлөп берет

Өкмөт эми «жүк 200» үчүн 50 миң сом төлөп берет. Бул боюнча бүгүнкү маалымат жыйында мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү Уланбек Шамшиев маалымдады.

Анын айтымында, 2017-жылы чет өлкөдө каза болгон кыргызстандыкты мекенине жөнөтүүгө 1 миллион 616 миң сом 51 кишиге төлөнгөн.

«Ар бир кишиге бөлгөндө 28 миң сомдон туура келген. Биз азыр аны 50 миң сомго көтөрүп, алуучулардын санын көбөйтүү үчүн тапшырыла турган кагаздарды дагы азайтып жатабыз. Бирок, 50 миң сом дагы баардык чыгымды жаппайт. Анүстүнө акча сөөк мекенине келгенден кийин төлөнөт. Ага чейин көбүнчө диаспоралардын күчү менен жөнөтүлөт» — дейт ал.

Жаңы жобо боюнча «жүк 200» үчүн акча жакын туугандарына гана эмес, ага каражат чыгымдаган киши учактын билетин жана башка чыгымдардын чегин көрсөтсө төлөнөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18