24.kg
15:34, 23 марта 2018, 24.kg

ЖАМК: Бектур Асанов коопсуздугун камсыз кылууну суранган

Бектур Асанов бир кишилик камерада кармалган жок. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы (ЖАМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, Бектур Асанов коопсуздугун камсыз кылууну сурангандыктан, ал күзөт кызматынын жанындагы камерага киргизилген.

«Камера жабык эмес. Ал өзүнүн аймагында кенен басып жүрө алат. Бир кишилик камерада кармалган жок. Ал коопсуздугун камсыз кылууну сурангандыктан, отрядга кошулган жок», — деп маалымдады ЖАМКдан.

Эскерте кетсек, оппозициячыл Бектура Асанов бир айдан бери № 27- абактын бир кишилик камерасында кармалып жаткандыгы тууралуу Мамлекеттик жаза өтөө кызматынын жетекчиси Таалайбек Жапаровго жана баш прокурор Индира Жолдубаевага кат жолдогон. Катты активист Адил Турдукулов Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасына жайгаштырган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18