24.kg
14:51, 23 марта 2018, 24.kg

Момбеков: Кытай компартиясы КСДПга 1 млн сом бөлдү

Кытайдын Коммунисттик партиясы Кыргызстан социал-демократтар партиясына жардам иретинде 1 млн сом бөлдү. Бул тууралуу аталган партиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.

Анын айтымында, КСДПнын Орусиядагы «Единая Россия», Казакстандагы «Нур отан», Кытайдын Компартиясы менен да жакшы байланышы бар. Ал гранттык негизде берилген каражат партиянын ишмердүүлүгүнө, кеңселерин каржылоого, залын оңдоого жумшалышы ыктымалдыгын айтты.

«Партияга жардам иретинде 1 млн сомдун тегерегинде гранттык каражат келген экен. Партиянын ишмердигине, кеңсесин каржылоого, Форумдагы партиянын жыйындар залын оңдоого жумшалат деген маалымат уктум. Эми кандай жардамдар келип, ал кандай жумшалып жатканы тууралуу курултайда отчет берилсе керек. Бул партиянын жетекчилери жооп бере турган суроо», — деди ал.

Момбеков курултайда партияга кандай жардамдар келгени тууралуу маалымат айтылышы ыктымалдыгын да кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18