24.kg
11:35, 23 марта 2018, 24.kg

Ошто Азия чемпиону Акжол Махмудовду аэропорттон салтанаттуу тосуп алышты

Ошто Азия чемпиону Акжол Махмудовду аэропорттон салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу каала мэриясынын маалымат кызматы билдирет.

Алардын маалыматында, Ош эл аралык аэропортунан грек-рим күрөшү боюнча Азиянын чемпиону Акжол Махмудовду, Ош шаарынын мэриясынын, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери, спортчунун жакындары жана шаар жаштары салтанаттуу тосуп алышты. Андан соң, атайын уюштурулган авто унаалар менен шаар кыдырышты.

Ош шаарынын мэрия Айтмамат Кадырбаев Акжол Махмудовго Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасын жана 50 миң сом акча каражатын тапшырды.

Спортчу өз кезегинде өлкөбүздүн намысын чет өлкөдө коргоп, Кыргызстандын желегин бийикке желбиретиш чоң сыймык экенин билдирди.

Айта кетсек, Акжол Махмудов — кадеттер арасында Азиянын эки жолку, жаштар арасында жана чоңдор арасында бир жолку чемпиону. Кадеттер арасында дүйнө чемпиону жана чоңдор арасында күмүш байге ээси.

Photo 64241

27-февралдан 4-мартка чейин Бишкекте өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында 72 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча алтын тагынып, Азия чемпиону болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18