24.kg
09:30, 23 марта 2018, 24.kg

Бектура Асанов бир айдан бери бир кишилик камерада кармалууда

Оппозициячыл Бектура Асанов бир айдан бери № 27- абактын бир кишилик камерасында кармалууда. Бул тууралуу анын Мамлекеттик жаза өтөө кызматынын жетекчиси Таалайбек Жапаровго жана баш прокурор Индира Жолдубаевага жазган катын активист Адил Турдукулов Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасына жайгаштырган.

«27- февралда мени № 27 — абакка которушту. Ошондон бери бир кишилик камерада кармалып жатам. Мен бешинчи отрядга бөлүнгөм», — деп жазган катында Бектура Асанова.

Эскерте кетсек «Эл үнү» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү боюнча Бишкек шаардык соту биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Дастан Сарыгулов төрт жылга эркинен ажыратылган, үч жылы шарттуу түрдө. Ал эми Эрнест Карыбеков 20 жылга кесилсе, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровго сот 12 жыл берген. Аларга күч колдонуу жолу аркылуу бийликти басып алууга аракет кылган деген айып тагылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18