24.kg
17:28, 22 марта 2018, 24.kg

24-мартта бардык дин кызматкерлери массалык түрдө ишембиликке чыгат

24-мартта өлкө аймагындагы бардык дин кызматкерлери массалык түрдө ишембиликке чыгышат. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кол койгон. Ага ылайык, 24-мартта өлкө аймагындагы бардык дин кызматкерлери массалык түрдө ишембиликке чыгышат. Ишембилик күнү Муфтият жана ар бир казыят, райондук баш имам хатибдер, айыл имамдары жана диний окуу жайлар өзүнүн аймагындагы мечиттерди, диний окуу жайларды, карыялар, жетимдер үйлөрүн тазалашып, айлана-чөйрөнү тазалоо, актоо иштерин жүргүзөт.

««Тазалык ыймандан» демекчи айлана-чөйрөбүздүн таза болуп, мамлекетибизди көрктөндүрүү үчүн ар бир жаранды жана жалпы мусулман бир туугандарды бул ишембиликке катышууга чакырабыз», — дейт Муфтият кызматкерлери.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18