24.kg
17:01, 22 марта 2018, 24.kg

Сабалган 8 жашар кыздын өз энеси табылды

Сабалган 8 жашар кыздын өз энеси табылды. Бул тууралуу Балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова өзүнүн Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кыздын энеси балдарын өзүнө аларын айткан.

«Жакшы жаңылык. Өгөй энеси тарабынан сабалды делген кыздын өз энеси табылды. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, балдарды атасы өткөн жылы жазында алып кетип, ошол бойдон бербей койгон. Энеси жана туугандары балдарды өздөрүнө алабыз деп жатышат. Учурда социалдык кызмат аялдын турмуш-шартын текшерүүгө алууда. Балдар убактылуу реабилитациялык борбордо», — деди ал.

Эскерте кетсек, 12-мартта Бишкектеги № 3-балдар ооруканасына катуу сабалып, баш сөөгүнөн жарат алган 8 жаштагы кыз келип түшкөн. Кыз аны өгөй энеси ургандыгын айткан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18