24.kg
16:39, 22 марта 2018, 24.kg

Спортчу Канат Бегалиев сүйлөгөн сөзү үчүн кыргызстандыктардан кечирим сурады

2008-жылы Бейжинде өткөн олимпиадада грек-грим күрөшү боюнча күмүш байгени багындырган балбан Канат Бегалиев 21-мартта сүйлөгөн сөзү үчүн кыргызстандыктардан кечирим сурады.

«Оюн абдан кызык өттү. «Ынтымак» командасы жеңишке жетишкенден кийин чогулгандар куттуктап коюмду суранышты. Толкунданып тургандыктан, башкача сүйлөп алдым. Андыктан элден кечирим сурайм. Мен көчмөндөр оюндарында дагы жеңишти бербей, өлкө намысын коргойлу дегим келген», — деди Канат Бегалиев.

Эскерте кетсек, 21-мартта көк бөрү оюнунда «Ынтамак» жана «Достук» командаларынын финалдык беттешинде Бегалиев намысты коргоо жана спорттук оюндары жагынан таластыктар алдыга киши салбай турганын айткан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18