24.kg
16:08, 22 марта 2018, 24.kg

Таласта улакчы аттан жыгылып каза болду

Талас районунда Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү оюнунда улакчылардын бири аттан жыгылып каза болду. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдирди.

Майрамдык көк бөрү оюну 21-мартта Кууганды айыл аймагында өткөн. Улак тартыш учурунда 1986-жылы туулган Үч-Эмчек айылынын У. уулу Н. аттуу тургуну аттан жыгылган.

Алган жараты оор болгондуктан, ал ооруканага жетпей көз жумган. Маркумдун артында жубайы жана балдары калды.

Эскерте кетсек, 21- мартта Кара-Көлдө дагы көк бөрү оюну учурунда 36 жаштагы улакчы аттан жыгылып, эсин жоготкон. Ал ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Дарыгерлер улакчы баш сөөгүнөн жарат алып, төш сөөктөрү жабыркаганын айткан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18