24.kg
14:22, 22 марта 2018, 24.kg

Калк арзан интернетке жана сапаттуу электрондук тейлөөгө мүмкүндүк алат

Кыргызстан жарандары арзан интернетке жана сапаттуу электрондук мамлекеттик тейлөөгө, ошондой эле санариптик технологияларга байланыштуу жаңы жумушчу орундарына жана квалификацияны жогорулатуу мүмкүндүктөрүнө жете алат. Бул тууралуу өкмөттүн басма соз кызматы билдирди.

Аталган мүмкүнчүлүк Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган 25 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү грант жана 25 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү насыя эсебинен пайда болот.

Digital CASA (Борбор Азия — Түштүк Азия) — Кыргыз Республикасы" долбоорунун максаты алгылыктуу баадагы интернетке болгон жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, МКТ тармагына кошумча жеке инвестицияларды тартуу жана республикадагы санариптик мамлекеттик тейлөө көрсөтүү жаатындагы мамлекеттин потенциалын кеңейтүү болуп саналат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18